Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңешинин депутаттардын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 8-апрели № 5/13
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы “Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу иши жөнүндө”№ 296 Жарлыгына ылайык Баш-Кайыңды айыл аймагында маркумду узатуу жана сөөгүн коюу иши тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы “Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу иши жөнүндө”
№ 296 Жарлыгын жетекчиликке алып,аткаруу максатында
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат :
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын
14-октябрындагы № 296 Жарлыгына ылайык Баш-Кайыңды айыл аймагында маркумду узатуу жана сөөгүн коюу иши тууралуу Жобо бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери Д.Сатыбалдиевага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик
укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы
А.Чукулуковго милдеттендирилсин
Төрага | А.Бокоев |
Баш-Кайыңды айыл өкмөтунүн аймагында “Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы №296 Жарлыгы боюнча түзүлгөн
типтүү жобо
1. Жалпы жоболор
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
3. Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу тартиби
4. Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу тартибин көзөмөлдөө
5. Жергиликтүү комиссия
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул жобо “Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу иши жөнундө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы №296 Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын сөөк коюудагы өзгөчөлүгүн эске алып иштелип чыгып, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
1.2. Жобонун максаты айыл аймактарында маркумду узатуу жана сөөгүн коюу ишин ирээтке келтирүү аларды өткөрүүгө убаракерчиликке , өлүк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого жол бербөө, ата салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура каада-салтын жана ырым-жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелинет.
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
2.1. Айыл аймактарында “Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу иши жөнүндө” жобону (мындан ары жобо) иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин №54 Жарлыгына ылайык айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен бекитилген жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, аксакалдардын, аялдардын жана жаштар уюумдардын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын , жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнөн турган комисия курамы иш алып барат.
2.2. Ушул Типтүү жобонун негизинде иштелип чыккан жобонун долбоору айылдык жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, айыл өкмөтүнүн сайттарына жайгаштырылат. Келип түшкөн иштиктүү сунуштар эске алынып жобонун долбооруна киргизилет.
2.3. Жобону бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому менен белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин сайттарына жарыяланат.
3. Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу тартиби
3.1 Айыл өкмөтү тарабынан
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы №296 “Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу “ жарлыгын аткаруу боюнча ишти көзөмөлдөө;
-Дин тутуу каадаларына жана салттарына жараша жана мүрзөгө эстеликтерди тургузууда ысырапкорчулукту болтурбоо үчүн маркумдарды жайга коюу маселелери боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүү, социалдык баракчаларга чагылдыруу;
3.2. Аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан:
-Айыл аймактарында аталган багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө жергиликүү өз алдынча органдарына тыгыз көмөк көрсөтүү менен мыйзамдуулуктун, коомдук тартиптин сакталышын камсыз кылуу;
3.3. Баш-Кайыңды айыл аймагында айылдык мечиттердин имамдары тарабынан:
-Кыргызстан мусулмандардын дин башкармалыгы тарабынан жарлыкка ылайык чыгарылган фатваларды жеринде калк арасында жайылтуу;
-жума намаздарга келген жарандарга маркумду узатуу жана сөөгүн коюу тартиби, эстеликтерди коюу, жайгаштыруу тартиби жана ысырапкорчулук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
3.4. Ат-Башы райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан:
-Көрүстөндөрдү жайгаштырууга, жасалгалоого жана көрктөндүрүүгө, пайдаланууга жана күтүүгө экологиялык, санитардык талаптарды , мүрзөдөгү эстеликтердин өлчөмдөрү, аларды жасоо үчүн материалдарга жана орнотууга талаптарды жөнгө салган типтүү жобонун негизинде алып баруу.