Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңешинин депутаттардын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 8-апрели № 5/14
Баш-Кайыңды айыл аймагында пайдалануу мөөнөтү аяктаган жана пайдалануудан баш тарткан Мамлекеттик фондунун жерлери жөнүндө
Пайдалануу мөөнөтү аяктаган жана пайдалануудан баш тарткан Мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы токтом кылат :
1. Баш-Кайыңды айыл аймагында пайдалануу мөөнөтү аяктаган жана пайдалануудан баш тарткан Мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүгө уруксат берилсин.
2. Мамлекеттик фондунун жерлери “Ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” Типтүү Жобонун негизинде ижарага берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Иса уулуна тапшырылсын.
4. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик
укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы
А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Бокоев |