Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңешинин депутаттардын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 8-апрели № 5/16
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын функционалдык милдеттери жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын функционалдык милдеттерин аныктоо максатында Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы токтом кылат :
1. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө жобонун 7-главасынын 25-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттерди аткарууга алат жана айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмаларына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Чукулуковго тапшырылсын.
3. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик
укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы
А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Бокоев |