Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынан кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 23-апрели № 7/4
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн тургундарынын төрт түлүк малынын 2025-жылга жазында алыскы ,жакынкы жайлоого чыгаруу, күзүндө көчүп келүү убактысын белгилөө жана баккан мал үчүн бадачылардын эмгек акыларын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын VIII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, муниципалдык ишкананын башчысы Б.Абдрасаковдун отчетун угуп, талкуулап токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт тармагындагы 2025-жылга иш планын бекитсин жана чабандар менен келишим түзсүн.
2. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт тармагындагы 2025-жылга, ортоңку жайыттарга уй, топоз,жылкы,кой жандыктарын айдап көчүрүү 15-апрелден 20-апрелге чейин көчүү- конуу иштери аяктасын.
3. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт тармагындагы 2025-жылга,алыскы жайыттарга уй, топоз,жылкы,кой жандыктарын айдап көчүрүү 5-июндан 10-июнга чейин көчүү- конуу иштери аяктасын.
4. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулары 2025-жылга, кайра алыскы жайыттардан, ортонку жайыттарга көчүп келүү 15-сентябрга көчүп келинсин.
5. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт тармагындагы 2025-жылга, ортонку жайттардан ички жайыттарга көчүп келүү 10-октябрда аяктасын.
6. Жайыттарды пайдалануу үчүн жайыт акынын жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан кем эмеси учурдагы жылдын 15-апрелинен кечиктирилбесин,ал эми калган бөлүгү 1-ноябрынан кечиктирилбесин.
7. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт тармагындагы 2025-жылга,жайыт акысы:
- бодо жандыктарына 100сом
- алыскы жайытка чыкбаган жылкыга 300 сом
- кой,эчкиге 20сом
- топозго 1500 сомдон бекитилсин.
8. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт тармагындагы 2025-жылга,мал баккан акысы бодо жылкы, уй баккандыгы үчүн 600 сом өлчөмүндө,майда жандык кой,эчкиге 70 сом өлчөмүндө алынсын.
9. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кара-Тоо, Арсы айылдары үчүн 2025-жылга,мал баккан акысы бодо жылкы, уй баккандыгы үчүн 700 сом өлчөмүндө,майда жандык кой,эчкиге 100 сом өлчөмүндө алынсын.( налогу тузу ичинде)
10. Алыскы жайыттарга чыгуу кезектүүлүгүн бузкан чабандар,алыскы жайыттарга чыкмайынча ортонку жайытка чыкбасын.
11. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт тармагындагы 2025-жылга, жайыт пайдалануучулардын бир отардагы кой , эчкинин саны 800 баштан ашпасын.
12. Түндүк,Көкадыр,Ичке,Буркан,Жон,Кудук жайлоолорунда корук иштери 2025-жылдын 10-июнунан башталсын.
13. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт тармагындагы 2025-жылга, жайыт пайдалануучулардын Ак-Жар, Шамшы айылындагы топоздор алыскы жайыттарга көчүрүлсүн.
14. Жогорудагы белгиленген пункуттар аткарылбаган учурда, жайыт мыйзамынын жана укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде айып пул салынары эскертилсин.
Төрага | К. Ыбышов |