Редакцияот 19.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңештин I чакырылышынын VI сессиясы

 

2025-жылдын 19-марты  № 3

 

Чаек айыл өкмөтүнүн Чаек айылындагы административдик аймактык чегинде жайгашкан Шортон айылындагы № 2318 контур-1,0 га, №2319 контур- 0,90 га, № 2327 контур-5,0 га, № 2326 контур-7,7 га, №2322 контур-2,40 га, контурларында жайгашкан бурулуш чекиттери менен белгиленген жер аянттарын айыл чарба багытынан өнөр  жай багытына которуу (трансформациялоо) жөнүндө.

 

Чаек айыл өкмөтүнүн Чаек айылындагы административдик аймактык чегинде жайгашкан Шортон айылындагы № 2318 контур-1,0 га, №2319 контур- 0,90 га, № 2327 контур-5,0 га, № 2326 контур-7,7 га, №2322 контур-2,40 га, контурларында жайгашкан бурулуш чекиттери менен белгиленген жер аянттарын айыл чарба багытынан өнөр  жай багытына которуу (трансформациялоо) жөнүндө, Чаек айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып Чаек айыл өкмөтүнүн кайрылуусу боюнча  Чаек айыл өкмөтүнүн Чаек айылындагы административдик аймактык чегинде жайгашкан Шортон айылындагы № 2318 контур-1,0 га, №2319 контур- 0,90 га, № 2327 контур-5,0 га, № 2326 контур-7,7 га, №2322 контур-2,40 га, контурларында жайгашкан бурулуш чекиттери менен белгиленген жер аянттарын айыл чарба багытынан өнөр  жай багытына которуп пайдаланууга берүү үчүн трансформациядан өткөрүп берүү жагы Жумгал райондук мамлекеттик администарциясынын башчысы-аким А.Набиевден суралсын.

 

2. Жер аянттарын трансформациялоо үчүн сунуштоого тиешелүү иш кагаздарын даярдап, бүткөрүп берүү жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

 

 

Төрага

А. Муталиев