Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы № 257 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандарты
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандарты (мындан ары - Мамстандарт) Кыргыз Республикасынын Конституциясында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу жаатындагы башка ченемдик укуктук документтерде аныкталган принциптерге негизделет.
2. Ушул Мамстандарт 1 жаштан 6 жашка чейинки балдарга мектепке чейинки билим берүү жана багуу боюнча бирдиктүү минималдуу талаптарды белгилөөчү негизги документ болуп саналат, ошондой эле мамлекеттик жана башка кызыкдар субъекттер тарабынан көрсөтүлүүчү жана жүзөгө ашырылуучу билим берүү, медициналык, юридикалык, укуктук, уюштуруучулук кызмат көрсөтүүлөргө жана иш-чараларга карата менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан бардык мектепке чейинки билим берүү уюмдары, жеке жактар (мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн жеке ишкерлер) тарабынан аткарууга милдеттүү болгон талаптардын жыйындысын билдирет.
3. Ушул Мамстандарт балдарды окутуунун, өнүктүрүүнүн жана тарбиялоонун артыкчылыктарын жана ыкмаларын, өзүн-өзү ишке ашырууга жана талдоого, социалдык жаратман өз ара аракеттенүүгө жөндөмдүү, өмүр бою окууга жана өнүгүүгө даяр инсанды калыптандырууну аныктаган фундаменталдык баалуулуктарга жана принциптерге таянат.
4. Ушул Мамстандартты кайра кароо жана жаңылоо балдарды даярдоонун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стратегиялык маанидеги документтеринде бекитилген артыкчылыктарга, балдардын жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) суроо-талаптарына шайкештигин камсыз кылуу үчүн зарылдыгына жараша жүргүзүлөт.
Ушул Мамстандартта төмөнкү түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) тарбиялоо - балдарды өнүктүрүүгө жана өз алдынча өнүгүүсүнө, социалдык-маданий, улуттук руханий-адеп-ахлактык баалуулуктардын негизинде социалдаштыруу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган тарбиялоо-билим берүү процессинин катышуучуларынын (ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр, педагогдор, коомчулук) өз ара аракеттенүү процесси;
2) гендердик теңчилик - балдарды жынысына карабастан өнүктүрүү, окутуу, өзүн-өзү көрсөтүү жана ишмердүүлүктү тандоо үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн, стереотиптик ролдор жана күтүүлөр жокко чыгарылган, ошондой эле бардык балдарга сый-урмат жана адилеттүү мамиле камсыз кылынган тарбиялоо процессин уюштуруу, ал өз кезегинде толеранттуулукту, өзүнө болгон ишенимди жана ар түрдүүлүктү урматтоону калыптандырууга жөндөм түзөт;
3) жылдык план - педагогикалык ишти, ата-энелер жана коомчулук менен кызматташууну, административдик-чарбалык ишти, балдардын жана кызматкерлердин өмүрүн сактоо жана ден соолугун чыңдоо боюнча иштерди камтыган мектепке чейинки билим берүү уюмунун бир жылга түзүлүүчү иш планы;
4) сабаттуулук жана коммуникация - өнүктүрүү чөйрөсүнүн мазмуну мектепке чейинки курактагы балдардын сабаттуу, туура сүйлөөсүн, жакшы дикциясын, үндөрдүн, муундардын жана сөздөрдүн так айтылышын; курдаштары жана чоң кишилер менен баарлашууда сүйлөө көндүмдөрүн колдонууну шарттайт;
5) мектепке чейинки топ - балдардын жаш курагына жараша топтор (биринчи кенже, экинчи кенже, орто, улук) түзүлгөн жана баланы ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган тарбиялык-билим берүү ишмердүүлүгү уюштурулган мектепке чейинки билим берүү уюмундагы балдардын бирикмеси;
6) мектепке чейинки билим берүү уюму - баланы коомдогу жашоого жана жалпы билим берүүгө даярдоо максатында аларды тарбиялоону, окутууну жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүнү жүзөгө ашыруучу 1 жаштан 6 жашка чейинки балдар үчүн уюм;
7) мектепке чейинки билим берүү программасы - балдардын курактык жана жеке өнүгүү өзгөчөлүктөрүнө ылайык мектепке чейинки билим берүүнүн милдеттүү минималдуу мазмунун белгилеген документ;
8) календардык план - балдардын ишмердүүлүгүнүн бардык түрлөрүн жана аларга ылайык иштин формаларын, анын ичинде ар бир баланы багууну жана кароону камсыз кылуу боюнча педагогдун жана педагогдун жардамчысынын ишин пландоону караган балдар менен иштөө боюнча документ;
9) когнитивдик өнүгүү - ой жүгүртүүнү, эс тутумду, көңүлдү, элестетүүнү, кабылдоону өнүктүрүү;
10) окутуу методикасы - балдардын курактык өзгөчөлүктөрүн жана жеке муктаждыктарын эске алуу менен билим берүү милдеттерин ишке ашырууга багытталган окутуунун методдорунун, ыкмаларынын, каражаттарынын жана формаларынын жыйындысы;
11) мектепке чейинки билим берүү уюмуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо - мектепке чейинки билим берүү уюмунун ишине, мектепке чейинки билим берүү программаларын ишке ашырууга, ушул Мамстандартка ылайык мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикалык процессин уюштурууга байкоо, баалоо жана талдоо жүргүзүү;
12) билим берүүнүн натыйжалары - мектепке чейинки билим берүү программаларын дидактикалык каражаттар, өнүктүрүү чөйрөсү, окутуунун методдору жана ыкмалары менен ишке ашыруунун алкагында максаттуу түрдө калыптанган балдардын күтүлгөн жана өлчөнгөн конкреттүү жетишкендиктери, билимдери, жөндөмдөрү жана көндүмдөрү;
13) педагогикалык процесс - билим берүү, тарбиялоо жана өнүктүрүү максаттарына жетүүгө багытталган педагогдордун жана балдардын максаттуу, системалуу өз ара аракеттенүү процесси;
14) таанып-билүү жана когнитивдик өнүгүү - баланын андан ары билим алуусуна жана социалдык адаптациясына негиз түзүүчү жалпы өнүгүүнүн негизги элементтери;
15) коп маданияттуу мамиле - балдардын маданий, этностук таандыгын эске алуу менен бирдей шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен жарандык өзгөчөлүктү өнүктүрүүгө, көп түрдүүлүктү сактоого жана толеранттуулукту жогорулатууга багытталган билим берүү;
16) педагогдун жардамчысы - баланы багуу жана педагогикалык процессти уюштурууда педагогго жардам көрсөтүү тапшырылган жеке жак;
17) психологиялык-медициналык-педагогикалык коштоо - ар тараптуу натыйжалуу өнүгүүнү, социалдашууну, ден соолукту сактоону жана чыңдоону камсыз кылуу, өнүктүрүү, тарбиялоо жана окутуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдарды комплекстүү коштоо;
18) эрте өнүктүрүү - баланын жашоосунун алгачкы күндөрүнөн 3 жашка чейин натыйжалуу физикалык, эмоционалдык жана интеллектуалдык өнүктүрүүгө багытталган чаралардын комплекси;
19) өз алдынча билим алуу - топто балдардын гармониялуу жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү максатында тарбиялоо жана окутуу методикаларын, билимдерди үйрөнүү, тереңдетүү жана өркүндөтүү боюнча өз алдынча таанып-билүү иши;
20) социалдык-эмоционалдык өнүгүү - социалдык мүнөздөгү алгачкы түшүнүктөрдү өздөштүрүүгө жана балдарды социалдык мамилелер системасына киргизүүгө, курчап турган адамдар менен өз ара аракеттенүүнүн конструктивдүү ыкмаларын жана каражаттарын өздөштүрүүгө багытталган өнүгүү чөйрөсүнүн мазмуну;
21) адистештирилген (коррекциялык) мектепке чейинки билим берүү уюму - окутуу, тарбиялоо жана өнүктүрүү процессин уюштуруу, балдардын өмүрүн, коопсуздугун жана ден соолугун коргоо, ошондой эле коомго интеграциялоо үчүн жооптуу болгон билим алуудагы өзгөчө муктаждыктары бар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү 2 жаштан 6 жашка чейинки балдарга арналган билим берүү уюму;
22) атайын билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү - билим алуудагы өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн, аларды окутуу процессине аралаштырууга/интеграциялоого жөндөм түзүүчү билим берүү чөйрөсүндөгү тар профилдеги адистердин (логопед, тифло-сурдопедагог, атайын педагог) кызмат көрсөтүүлөрү;
23) чыгармачылык жана эстетикалык өнүгүү - эстетикалык маданиятты калыптандырууга, балдардын өз оюн билдирүүгө болгон муктаждыктарын канааттандырууга, фантазияны көрсөтүүгө, жеке кызыкчылыктарына ылайык ийгиликтүү чыгармачыл өз алдынча иш-аракеттерге түрткү берүүчү өнүгүү чөйрөсүн түзүүгө багытталган өнүгүү чөйрөсүнүн мазмуну;
24) мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү - 1 жаштан 6 жашка чейинки курактагы балдарды ар тараптан, анын ичинде физикалык, социалдык, эмоционалдык, когнитивдик жана чыгармачылык өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүүгө багытталган иш, ал балдардын коомдо жашоо үчүн негизги көндүмдөрдү, анын ичинде өзүн-өзү тейлөө, баарлашуу көндүмдөрүн, өз алдынчалуулукту калыптандырууга жана алардын курактык жана жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жалпы билим берүүгө даярдоого жардам берет;
25) багуу - тамактанууну уюштуруу, күн тартибин сактоо жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу, профилактикалык жана ден соолукту чыңдоо процедураларын жүргүзүү, балдардын мектепке чейинки билим берүү уюмунда болгон мезгилинде алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар комплекси;
26) физикалык өнүктүрүү - балдардын физикалык, психикалык ден соолугун сактоого жана чыңдоого, сергек жашоо мүнөзүнүн маданиятынын негиздерин калыптандырууга жана дене тарбиясына кызыгууга багытталган өнүктүрүү чөйрөсүнүн мазмуну;
27) функциялык сабаттуулук - адамдын ишмердүүлүгүнүн, баарлашуусунун жана социалдык мамилелердин ар кандай чөйрөлөрүндө практикалык жана турмуштук милдеттердин кеңири диапазонун чечүү үчүн окуу процессинде алган билимдерин, жөндөмдөрүн жана көндүмдөрүн ар дайым колдоно билүү жөндөмдүүлүгү;
28) баалуулуктар - балдардын аң-сезимин, ойлорун, пикирлерин, табитин жана жалпы маданиятын калыптандырууда жана өнүктүрүүдө аныктоочу жана багыттоочу күчкө ээ болгон жана анын натыйжасында коомдун прогрессине оң таасирин тийгизген салттуу жана заманбап, руханий жана материалдык, улуттук жана глобалдык туруктуу турмуш-тирилиги.