Загрузка документа…
3-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы № 257 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын типтүү уставы
1-глава. Жалпы жоболор жана укуктук статусу
1. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын типтүү уставы (мындан ары - Типтүү устав) "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдары жөнүндө жобого (мындан ары - жобо) жана билим берүү жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын (мындан ары - МЧБУ) уставдары Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын ченемдерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү ушул Типтүү уставдын негизинде иштелип чыгат. МЧБУнун типтүү уставын каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Жеке менчик формасындагы МЧБУнун уставын иштеп чыгууда Типтүү уставдын ченемдери колдонулушу мүмкүн.
3. МЧБУ мекеме уюштуруу-укуктук формасындагы коммерциялык эмес уюм болуп саналат. МЧБУнун иштөө мөөнөтү чектелбейт.
4. Мамлекеттик жана муниципалдык МЧБУнун уюштуруучулары болуп мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары саналат.
5. МЧБУ Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык юридикалык жак болуп саналат жана өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алууга жана милдеттерди тартууга, келишимдерди түзүүгө, сотто доогер жана жоопкер болууга, оперативдүү башкаруу укугунда обочолонгон мүлккө ээ болууга, негизги жана жүгүртүү каражаттарына, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөргө, штампка жана бланктарга ээ болууга укуктуу.
6. Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды каттоо/кайра каттоо чөйрөсүндөгү жарандык мыйзамдарынын ченемдерине ылайык МЧБУ Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары жерлерде филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн ача алат. Мында уставда алардын турган жери да көрсөтүлөт.
7. МЧБУнун уставы төмөнкү бөлүмдөрдөн турат:
1) жалпы жоболор жана укуктук статусу;
2) ишинин негизги максаттары;
3) МЧБУда тарбиялоо-билим берүү процессин уюштуруу;
4) МЧБУнун башкаруу органдары;
5) тарбиялоо-билим берүү процессинин катышуучуларынын укуктары жана милдеттери;
6) финансы-чарбалык иши;
7) эсепке алуу, отчеттуулук жана контролдоо;
8) МЧБУну кайра уюштуруу жана жоюу;
9) корутунду жоболор.
8. МЧБУнун уставы Мектепке чейинки билим берүү уюму жөнүндө жобонун жана МЧБУнун ишин регламенттөөчү билим берүү жаатындагы башка ченемдик укуктук актылардын ченемдерин камтууга тийиш.
9. МЧБУнун уставында мамлекеттик жана расмий тилдерде толук жана кыскартылган фирмалык аталышы, юридикалык дареги (жайгашкан жери), уюштуруучулары жана толук фирмалык аталышы, реквизиттери милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
10. МЧБУнун иши Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдары, башка ченемдик укуктук актылар, Типтүү уставдын негизинде бекитилген МЧБУнун уставы жана МЧБУнун өзүнүн локалдык актылары менен регламенттелет.
2-глава. МЧБУнун ишинин негизги максаты
11. МЧБУнун ишинин негизги максаты төмөнкүлөр болуп саналат:
1) менчигинин түрүнө карабастан МЧБУда мектепке чейинки сапаттуу билим алууда ар бир бала үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана теңдигин камсыз кылуучу натыйжалуу системаны түзүү;
2) мектепке чейинки курактагы балдардын жекече мүмкүнчүлүктөрүн жана билим алуу муктаждыктарын эске алуу менен аларды окутуу жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.
12. Коюлган максаттарга жетүү үчүн МЧБУ төмөнкү багыттар боюнча иш жүргүзөт:
1) балдардын дене-бой, психикалык саламаттыгын, алардын эмоционалдык бейпилдигин коргоо жана чыңдоо, атайын билим берүү муктаждыктарын эске алуу менен коррекциялык-педагогикалык жардам көрсөтүү;
2) тарбиялоонун гендердик аспекттерин эске алган, балдардын курактык, жекече, жыныстык, психологиялык жана физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө ылайык келген көп маданияттуу инклюзивдик чөйрөнү калыптандыруу;
3) мектеп алдындагы даярдоо программасын ишке ашыруу жана социалдык адаптациялоо;
4) педагогикалык процесске карата заманбап талаптарды аныктоо;
5) мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикалык кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин заманбап гендердик-ийкемдүү жана социалдык-инклюзивдик ыкмалардын негизинде жогорулатуу;
6) мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана мектепке чейинки курактагы балдарга билим берүү жана аларга кам көрүү боюнча кызмат көрсөткөн жактардын ишинин сапатына мониторинг жана талдоо жүргүзүү.
13. МЧБУ Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө жобонун негизинде иштейт жана мектепке чейинки курактагы 1 жаштан 6 жашка чейинки балдарды тийиштүү багуу, тарбиялоо жана окутуу, алардын жекече жөндөмдөрүн өнүктүрүү, интеллектуалдык дене-бой жана жеке өнүгүүсүн камсыз кылуу максатын көздөйт.
14. МЧБУда топторду комплекттөө мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык ишке ашырылат.