САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган) депутаттардын кезексиз 2024-жылдын III сессиясы
2024– жылдын 19-апрели № 12
Савай айылдык аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айылдык аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Савай айылдык аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып жана талкуулап Савай айылдык округунун кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
1. Савай айылдык амагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Савай айылдык округунун кеңешинин төрагасы Б.Мамашовго жана Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кыргызбаевге схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кара-Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| Б.Мамашов |