Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган) депутаттардын кезексиз 2024-жылдын III сессиясы

 

2024– жылдын 19-апрели № 14

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу боюнча мамлекеттик акселератор» программасынын алкагында Келечек Билим берүү долбоору аркылуу курулуп жаткан кыска мөөнөтүү бала бакчаларды ачууга алардын сырткы оңдоп түзөө иштерине каражат бөлүп берүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган) депутаттардын кезексиз III сессиясынын протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу боюнча мамлекеттик акселератор» программасынын алкагында Келечек Билим беруу долбоору аркылуу курулуп жаткан кыска мөөнөтүү бала бакчаларды ачууга, алардын сырткы оңдоп түзөө иштерине каражат бөлүп берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.

2. Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жана ФЭБ башчыларына:

- Айыл аймагындагы айылдарда долбоор боюнча биринчи кезекте ачыла турган 3 саатык бала бакчаларды каржылоо жагы тапшырылсын;

- Айыл өкмөтүнүн бюджетинде калган калдык акча каражатын төмөндөгүдөй бөлүштүрүп берүү сунушталсын: Х.Таширов а.о.м. алдындагы бала бакчага – 400000 миң сом, Пионердин 50 жылдыгы орто мектебинин алдындагы бала бакчага 350000 миң сом, Кен-Сай атындагы орто мектебинин алдындагы бала бакчага 1400000 миң.сом, Кыдырша айылындагы 3 саатык бала бакчага 400000 миң.сом, Арзуу бала бакчасына 600000 миң сом, Октябрь айылындагы бала бакчага 333800 миң. сом

3. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана экономика, инвестиция боюнча депутаттык туруктуу комитетине жүктөлсүн.

                                      

 

 

Төрага

 

Б.Мамашов