САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган) депутаттардын кезексиз 2024-жылдын III сессиясы
2024– жылдын 19-апрели № 17
“Пионердин 50 жылдыгы мектебине” 2022-жылы Кыргыз-Таджик чек-ара коогалаңында баатырларча курман болгон Савай айылынын тургуну Урайимов Эламандын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган) депутаттардын кезексиз III сессиясынын протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши токтом кылат:
1. Савай айылдык аймагынын Курбан-Кара айылындагы Пионердин 50 жылдыгы орто мектебинин педагогикалык кеңешмесинин №4 протоколу менен “Пионердин 50 жылдыгы мектебине” 2022-жылы Кыргыз-Таджик чек-ара коогалаңында баатырларча курман болгон Савай айылынын тургуну Урайимов Эламандын атын ыйгаруу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн Савай айылдык округунун Курбан-Кара айылындагы “Пионердин 50 жылдыгы мектебине” 2022-жылы Кыргыз-Таджик чек-ара коогалаңында баатырларча курман болгон Савай айылынын тургуну Урайимов Эламандын атын ыйгаруу боюнча айылдык округунун кеңешинин депутаттарынын чечимин колдоп берүү жагы суралсын.
3. Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө, Пионердин 50 жылдыгы орто мектебинин директоруна:
-Савай айылдык округунун Курбан-Кара айылындагы “Пионердин 50 жылдыгы мектебине” 2022-жылы Кыргыз-Таджик коогалаңында баатырларча курман болгон Савай айылынын тургуну Урайимов Эламандын атын ыйгаруу боюнча чараларды уюштуруу жагы тапшырылсын.
4. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мамлекеттик тил, маданият, дин, каада-салт, этика жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага |
| Б.Мамашов |