Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИН
I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 3- КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 29-январы №20
Оргочор айыл аймагындагы спорттук оюндарга
колдоо көрсөтүү жөнүндө
Оргочор айыл аймагындагы айыл тургундары тарабынан уюштурулуп жаткан спорт оюндарына колдоо көрсөтүү боюнча кайрылууларынын негизинде жергиликтүү бюджеттен көрсөтүлүп жаткан акчалай колдоого чектѳѳ киргизүү боюнча айыл өкмөт башчысы Ж.Жумашовдун кайрылуусунун негизинде, Оргочор жергиликтүү кеңешинин “Социалдык маселер, маданий өнүгүү, укук жана спорт маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Молдокматованын 2025-жылдын 23-январындагы отурумунунун негизинде билдирүүлөрү угулуп жана талкуулап жергиликтʏʏ кеӊеши токтом кылат:
1. Спорттук оюндарды өткөрүүгө же катышууга колдоо көрсөтү үчүн төмөндөгүдөй өлчөмдө акча каражаты бекитилип берилсин:
1) Чет өлкөгө спорттук мелдешке катыша турган болуп, тиешелүү иш кагаздары болсо, жол киресин гана төлөп берүүгө;
2) Областык деңгээлде өтүүчү иш чараларга бекитилген Жобонун негизинде катышуу акысын (взносун), жол киресин төлөп берүүгө;
3) Райондук деңгээлде өтүүчү иш чараларга бекитилген Жобонун негизинде катышуу акысын (взносун), жол киресин төлөп берүүгө;
4) Айыл өкмөтүнүн пландалган иш-чарасында каралса;
2. Жогорудагы бекитилген акча каражатына ылайык иш алып баруу жагы Оргочор айыл өкмөт башчысы Ж.Жумашовго милдеттендирилсин.
3. Токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы Э.Тариеловага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңешинин “Социалдык маселер, маданий өнүгүү, укук жана спорт маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А.Тыныбеков