Редакцияот 29.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИН 

 I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 3- КЕЗЕКТЕГИ  СЕССИЯСЫ

 

 

2025-жылдын 29-январы   №21                                                                            

Оргочор айыл өкмөтүнүн штат бирдигин бекитүү

 

Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Жумашовдун 2025-жылга карата айыл өкмөтүнүн штат бирдиги боюнча жана Кыргыз  Республикасынын  Министрлер Кабинетинин  2024-жылдын 7-февралындагы  “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө”  №52 токтомунун негизинде берген билдирүүсүнүн негизинде  жергиликтүү кеңеш токтом кылат:

1.     2025-жылга Оргочор айыл өкмөтүнүн штат бирдиги төмөндөгүдөй бекитилсин:

1)    Айыл өкмөт башчы -1;

2)    Орун басар-жооптуу катчы -1;

3)    Бөлүм башчы -1;

4)    Башкы адис-3;

5)    Жетектөөчү адис -3;

6)    Адис-2;

Баардыгы -11 штат

2.     Техникалык жана кенже тейлөөчү  (ТОП,МОП) кызматчылары:

1)    Башкы бухгалтер-1;

2)    Айдоочу-1;

3)    Кароолчу -1;

4)    Тазалык боюнча кызматкер-1;

Баардыгы -4 штат

3.     Келишимдин негизинде:

1)    Экономист- статист-1;

2)    Аскерге каттоо -1;

3)    Архивариус-1;

4)    Айыл башчылар-10;

Баардыгы -13 штат

4. Токтомдун аткарылышы  көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңешинин “Финансы –пландоо. Бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жана сырттан келген инвестицияны көзөмөлдөө маселелери” боюнча туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                             А.Тыныбеков