Редакцияот 07.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИН

 I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 5- КЕЗЕКСИЗ  СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 07-март   №31                                                                           

Швецария өкмөтү жана Швецария кызматташтык Агенттиги тарабынан каржыланып жаткан айыл аймагында “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбооруна каралган акча каражаты жөнүндө

          Швецария ϴкмөтү каржылаган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында дараметин жогорулатуучу гранд катары бериле турган 125 000 (бир жүз жыйырма беш миң) сомду туура пайдалануу максатында айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүү жана статистика боюнча  бөлүм башчысынын   милдетин аткаруучусу М.Тутаеванын билдирүүлөрү угулуп жана талкууланып жергиликтүү кеңештин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Швецария ϴкмөтү каржылаган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору тарабынан жергиликтүү жамааттардын дараментин жогорулатуучу грант катары  бөлүнүп жаткан 125 000 (бир жүз жыйырма беш миң) сом өлчөмүндөгү акча каражаты 2025-жылга бекитилген Оргочор жергиликтүү бюджетине кириштелсин.
  1. Жети-ϴгүз райондук финансы башкармалыгынан  дараметин жогорулатуучу гранд катары бериле турган 125 000 (бир жүз жыйырма беш миң) сом акча каражатын атайын эсептик счетуна кошумча бекитилип берүү жагы суралсын.
  1. Оргочор айыл өкмөтүнө грантты максаттуу пайдалануу жагы жүктөлсүн.
  1. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңешинин “Финансы пландоо.Бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жана сырттан келген инвестицияны көзөмөлдөө маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына   жана  айыл өкмөтүнө  жүктөлсүн.

 

Төрага     А.Тыныбеков