Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 10-апрели № 5/3
Өзгөн шаар мэриясынын социалдык коргоо бөлүмүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты, спорт, билим берүү, туризм, маданият, саламаттыкты сактоо, өнөр-жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш, энергетика, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаар мэриясынын социалдык коргоо бөлүмүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Социалдык коргоо бөлүмүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштардын негизинде иш-чара иштеп чыгуу Өзгөн шаар мэринин орун басары К.Жусуповго жана анын аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри З.Каримовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты, спорт, билим берүү, туризм, маданият, саламаттыкты сактоо, өнөр-жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш, энергетика, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Джалилов |