Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 10-апрели № 5/4
Өзгөн шаарынын айрым көчөлөрүнүн наамын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген жобого ылайык «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 18-мартындагы отурумунун №3 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын Советская көчөсүнүн наамын өзгөртүп Шейх Жалилов Чубак ажы наамы ыйгарылсын.
2. Өзгөн шаарынын Павел Морозов көчөсүнүн наамын өзгөртүп Шейх Жалилов Чубак ажы тилке көчөсү (переулок) наамы ыйгарылсын.
3. Кадастрды жүргүзүү жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнө тийиштүү документтерди 5 жумушчу күндүн ичинде жиберүү жагы Өзгөн шаардык мэриясына, шаардын картасына керектелүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы Өзгөн райондук шаар куруу жана архитектура башкармасынын башчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Джалилов |