Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 10-апрели № 5/6
Өзгөн Таза Суу муниципалдык ишканасынын эсебиндеги айрым муниципалдык менчиктеги мүлктөрдү күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесине ылайык Өзгөн шаардык мэриясынын 2025-жылдын 6-мартындагы № 01-06/185 катынын, Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 1-апрелиндеги протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн Таза Суу муниципалдык ишканасына таза суу жана канализация долбоорунун алкагында субкредиттик макулдушуунун 3.10. пунктуна ылайык кредиттин эсебинин сатып алынган 53,18 млн сомдук 14 даана жабдууну күрөөгө коюуга макулдук берилсин.
2. Жогорудагы мүлктөрдү мыйзам чегинде күрөөгө коюу Өзгөн Таза Суу муниципалдык ишканасынын директору И. Бакасовго аны көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри З.Каримовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Джалилов |