Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 10-апрели № 5/7
Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 1-февралындагы “Өзгөн шаарында калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды киргизүү жөнүндө” №28/6 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Өзгөн шаардык мэриясынын 2025-жылдын 26-мартындагы № 01-06/284 катына, Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 1-апрелиндеги отурумунун протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 1-февралындагы №28/6 токтомундагы “2024-жылдын 1-июлуна” деген сөздөр тийиштүү түрдө “календарлык жылдын 1-апрелине” деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Джалилов |