Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 10-апрели № 5/9
Өзгөн шаарындагы №7 мектеп гимназиясынын атын өзгөртүп
Алайбек Мамасадыковдун наамына ыйгаруу жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги V сессиясы Өзгөн шаардык мэриясынын 2025-жылдын 25-мартындагы №01-06/275 катына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» жана «Социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты, спорт, билим берүү, туризм, маданият, саламаттыкты сактоо, өнөр-жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш, энергетика, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссияларынын 2025-жылдын 7-апрелиндеги отурумунун протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарындагы №7 мектеп гимназиясынын аты өзгөртүлүп №7 Алайбек Мамасадыков атындагы орто мектеп наамына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Мыйзамга ылайык тийиштүү иш кагаздарын даярдоо Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Джусуповго аны көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык мэри З.Каримовго тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Джалилов |