Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 10-апрели № 5/12
“Өзгөн Таза Суу” суу пайдалануу боюнча муниципалдык ишканасынын суу пайдалануучулардын категориялары боюнча ичүүчү таза сууга болгон бааларынын (тарифтерин) прейскурантын бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаардык мэриясынын 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 01-06/356 катынын негизинде Өзгөн шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суу пайдалануучулардын категориялары боюнча ичүүчү таза сууга болгон бааларынын (тарифтерин) прейскуранты төмөндөгү өлчөмдө бекитилсин:
- калк үчүн 1 м3 ичүүчү таза суу үчүн баасы 26,25 сом, анын ичинен I-II группадагы мүмкүнчүлүгү чектелгендердин, Чернобыль жана Афган согушунун катышуучулары бар үй-бүлөөлөр пайдаланып жаткан ичүүчү таза суунун 1 м3 баасы 15,30 сом,
- бюджеттик мекеме ишканаларга ичүүчү таза суу үчүн 1 м3 баасы 37,06 сом,
- коммерциялык ишканаларга ичүүчү таза суу үчүн 1 м3 баасы 95,0 сом,
2. Тариф саясатын 2025-жылдын 30-апрелинен колдонуу жана бекитилген тарифтер боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү “Өзгөн Таза Суу” суу пайдалануу боюнча муниципалдык ишканасынын директору И.Бакасовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Джалилов |