Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 21-апрели № 6/2
Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен Айчүрөк кинотеатрын реконструкциялоого акча каражатын алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 21-апрелиндеги отурумунун №5 протоколунун жана Өзгөн шаардык мэриясынын 2025-жылдын 21-апрелиндеги № 01-06/398 катынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарындагы Айчүрөк кинотеатрын реконструкциялоого Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен 17514,9 миң сом акча каражатын алууга макулдук берилсин.
2. Алынган акча каражатын мыйзамдуу пайдалануу жагы Өзгөн шаардык мэриясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Джалилов |