Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 20-майы № 6/2
Баш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Ачы айылында жайгашкан “Эрмек каары” атындагы мечитти кайра жаңыдан курууга макулдук берүү жөнүндө
Баш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Ачы айылында жайгашкан ашар жолу менен курулган “Эрмек каары” атындагы мечит 2024-жылы катуу келген селден дубалдары эзилип, жараксыз абалга келгенине байланыштуу кайра жаңыдан куруу максатында Баш-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Ачы айылында жайгашкан ашар жолу менен курулган “Эрмек каары” атындагы мечит 2024-жылы катуу келген селден дубалдары эзилип, жараксыз абалга келгенине байланыштуу кайра жаңыдан курууга макулдук берилсин.
2.Курулушка уруксат берилип, тийиштүү документтерди даярдоо жагы Баш-Булак айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага |
| А.Бакиров |