Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 20-майы № 6/7
Баш-Булак айыл аймагындагы Ачы айылынын 5-көчөсүнө «Мадазимов Сыдык» атындагы көчө деп ысым берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык жана ошол көчөнүн жашоочуларынын протоколунун негизинде, Ачы айылынын тургуну Мадазимов Сыдыктын баласы Мадазимов Сапарбайдын арызын карап чыгып жана талкуулап Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл аймагынын Ачы айылынын 5-көчөсүнө «Мадазимов Сыдык» атындагы көчө деп ысым берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттык сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Бакиров |