Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 20-майы № 6/10
Баш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Эшме айылындагы 765-767-контурларына тегирменди жылдырууга макулдук берүү жөнүндө
Баш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Эшме айылындагы мектептин жанындагы тегирмен окуучулардын билим алуусуна тоскоолдук жаратканына байланыштуу сайдын боюндагы 765-767-контурларындагы жерге жылдыруу максатында Баш-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Эшме айылындагы мектептин жанындагы тегирмен окуучулардын билим алуусуна тоскоолдук жаратканына байланыштуу сайдын боюндагы 765-767-контурларындагы жерге жылдырууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага |
| А.Бакиров |