Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 20-майы № 6/11
Баш-Булак айыл аймагындагы жайыт жерлерин мал жаюуудан башка максаттарга берилүүчү жерлеринин ижара акысын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №735 токтомунун III пунктунда көрсөтүлгөн жайыттарды пайдалануу укугун берүүнүн тартиби менен таанышып чыгып Баш-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Баш-Булак” муниципалдык ишканасынын жайыт жерлерин мал жайуудан башка максаттарга берилүүчү жерлеринин ижара акысы төмөндөгүдөй бекитилсин.
• Дарылык – техникалык сырьёну жыйноо жана балчылык – 6000 сом (1 га үчүн)
• Жеңил конструкциядагы байланыш курулмаларын орнотуу–10000 сом (20кв.м.үчүн)
• Жапайы өскөн жемиштерди, мөмөлөрдү, козу карындарды, башка тамак-аш продукттарын жеке пайдаланууга жыйноо – 2000 сом (1 га үчүн)
• Эс алуу – 3000 сом (1 га үчүн)
• Көп жылдык мөмөлүү бак-дарактардын плантацияларын түзүүгө – 3000 сом (1 га үчүн)
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага |
| А.Бакиров |