Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 20-майы № 6/12
Баш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Торгой-Булак айылындагы (сөөк завод) 81-контурундагы башкы планда көрсөтүлгөн магазиндин орду 400 метр квадрат жер тилкесине Баш-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине пайдалануу укугу боюнча мамлекеттик акт алууга жана магазин салып, конкурстук негизде ижарага иштетүүгө макулдук берүү жөнүндө
Баш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Торгой-Булак айылындагы (сөөк завод) 81-контурундагы башкы планда көрсөтүлгөн магазиндин орду 400 метр квадрат жер тилкесине Баш-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине пайдалануу укугу боюнча мамлекеттик акт алууга жана магазин салып, конкурстук негизде ижарага иштетүү максатында Баш-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Торгой-Булак айылындагы (сөөк завод) 81-контурундагы башкы планда көрсөтүлгөн магазиндин орду 400 метр квадрат жер тилкесине Баш-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине пайдалануу укугу боюнча мамлекеттик акт алууга жана магазин салып, конкурстук негизде ижарага иштетүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага |
| А.Бакиров |