Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 20-майы № 6/15
Баш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Эшме айылынын башкы планында көрсөтүлгөн 5-кварталындагы №10 0,04 га жер тилкесине райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине шарт түзүү үчүн имарат куруп, Баш-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине пайдалануу укугу боюнча мамлекеттик акт алууга макулдук берүү жөнүндө
А.К.Султанов атындагы Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн 2025-жылдын 7-апрелиндеги №33-20-13/2078 кайрылуу катынын негизинде Баш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Эшме айылынын башкы планында көрсөтүлгөн 5-кварталындагы №10 0,04 га жер тилкесине райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине шарт түзүү үчүн имарат куруп, Баш-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине пайдалануу укугу боюнча мамлекеттик акт алуу максатында Баш-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Эшме айылынын башкы планында көрсөтүлгөн 5-кварталындагы №10 0,04 га жер тилкесине райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине шарт түзүү үчүн имарат куруп, Баш-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине пайдалануу укугу боюнча мамлекеттик акт алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага |
| А.Бакиров |