Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 20-майы № 6/16
Баш-Булак айыл өкмөтүндөгү кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүдө аянтын бекитүү жана социалдык коргоого муктаж жарандарга түз берүү жөнүндө
Жарандардын жерге болгон суроо талаптарынын көптүгүнө байланыштуу Баш-Булак айыл өкмөтүндөгү кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүдө мурда 5 га чейин болсо, учурда 2 га чейин төмөндөтүү жана социалдык коргоого муктаж жарандарга (анын ичинде толук аярлуу балдардын үй-бүлөсүнө жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга гана) түз берүү максатында Баш-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл өкмөтүндөгү кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүдө гектары мурда 5 га чейин болсо, учурда аны 2 га чейин (2 га айдоо жер, 2 га чөп чабык жер) төмөндөтүлсүн.
2. Торука коюлган айыл чарба багытындагы жерлердин 10 пайызы социалдык коргоого муктаж (анын ичинде толук аярлуу балдардын үй-бүлөсүнө жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга гана) жарандарга айдоо жер бир гектардан, чөп чабык эки гектардан түз берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага |
| А.Бакиров |