Редакцияот 29.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ийри-Суу айылдык кеңештин (VIII- чакырылышынын) кезектеги I - сессиясы

 

2024-жылдын 29-ноябры № 3

 

Ийри-Суу айыл аймагында III- Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө

 

 

Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги I-сессиясынын күн тартибиндеги биринчи маселени угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат

 

1. III-Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 2024- жылдын 1-октябрындагы № 2 протоколу аткарууга алынсын.

 

2. III-Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо иштерин координациялоо боюнча жумушчу тобунун курамы 11 адамдан бекитилсин (тизме тиркелет)

 

3. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында жергиликтүү курултайга делегеттарды шайлоо боюнча өткөрүлө турган жыйындардын графиги 2024- жылдын 4-5 декабрь күнүнө бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

 

4. Өкүлчүлүктүү жыйындарга катышуучу өкүлдөрдүн саны, тиешелүү аймакта курултай өтүүчү жылдын 1-январына карата жашаган калкынын санын эсепке алуу менен белгиленген нормага ылайык бекитилсин.( тиркеме тиркелет)

 

5. Токтомдун аткарылышы уюштуруу комитетинин төрагасына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

С.Курманбеков

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык

кеңешинин VIII - чакырылышындагы

кезектеги I - сессиясынын 2024-жылдын 29- декабрдагы № 3 токтомуна 1 тиркеме

 

Ийри-Суу айыл аймагында III- Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо иштерин координациялоо боюнча 11 адамдан түзүлгөн жумушчу топтун курамы

 

Курманбеков Сейтек - Айылдык кеңешинин төрагасы , комиссиянын төрагасы

 

Мүчөлөрү

 

Абдыразакова Гульшат - аялдар кенешинин төрайымы

Нурпазыл кызы Айзада - Кыргызстан айылынан депутат

Гурөңов Маратбек - Жийде айылынан депутат

Эргешов Айылчы - Корс- Этти айылынан депутат

Мусаев Бекболот - Жаңгакты айылынан депутат

Байназаров Салмоор - Чангет айылынан депутат

Кокулов Ислам - Өстүрүү айылынан депутат

Орозалиев Курсант - Ак-Терек айылына депутат

Акмат уулу Эрмек - Кара- Колот Ор-Казган айылына депутат

Мураталиев Болотбек - айыл өкмөт кызматкери

 

 

                                                                                   

 

Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык

кеңешинин VIII - чакырылышындагы

кезектеги I-сессиясынын 2024-жылдын

29-декабрдагы № 3 токтомуна

2 тиркеме

 

 

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында жергиликтүү курултайга делегеттарды шайлоо боюнча өткөрүлө турган жыйындардын графиги

 

№

Айылдын аталышы

Датасы

Өткөрүлө турган

 

Жооптуулар

1

Кыргызстан

2024-жылдын 5- декабрында

саат 12-00

Усөн уулу Жаныш атындагы орто мектеби

 

 

Нурпазыл кызы Айзада

2

Корс-Этти

2024-жылдын 5- декабрында

саат 14-00

Чомо Баатыр атындагы орто мектебинде

 

 

Эргешов Айылчы

3

Жаңгакты

2024-жылдын 5- декабрында

саат 10-00

К. Тиленбаев атындагы орто мектебинде

 

Мусаев Бекболот

 

4

Жийде

2024-жылдын 5- декабрында

саат 10-00

К.Ботояров атындагы орто мектеби

 

Гурөңөв Маратбек

 

5

Ор-Казган

2024-жылдын 4- декабрында

саат 10-00

Ийри-Суу № 18 мектебинде

 

 

Курманбеков Сейтек

6

Ак-Терек

2024-жылдын 4- декабрында

саат 10-00

Айылдын ичинде бакта

 

 

Орозалиев Курсант

7

Кара-Колот

2024-жылдын 4- декабрында

саат 12-00

Октябр Туусу мектебинде

 

 

Акмат уулу Эрмек

8

Чангет

2024-жылдын 4- декабрында

саат 10-00

№ 61 И. Жумабаев атындагы орто мектебинде

Байназаров Салморбек

9

Өстүрүү

2024-жылдын 4- декабрында

саат 14-00 дө

№ 39 К. Курманбеков атындагы орто мектебинде

Кокулов Ислам

 

 

 

 

Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык

кеңешинин VIII - чакырылышындагы

кезектеги I - сессиясынын 2024-жылдын

29- декабрдагы № 3 токтомуна

3 тиркеме

 

   

Ийри-Суу айыл аймагында өкүлчүлүктүү жыйындарга катышуучу өкүлдөрдүн саны, тиешелүү аймакта курултай өтүүчү жылдын 1-январына карата жашаган калкынын санын эсепке алуу менен белгиленген нормага ылайык төмөндөгүдөй бекитилсин

      

Айылдар

Калк

өкүл

Анын ичинен аял

Ор-Казган

232

2

1

Кара-Колот

488

3

1

Ак- Терек

552

4

1

Жийде

3019

21

7

Кыргызстан

3138

23

7

Жаңгакты

1189

9

3

Корс - Этти

1711

11

3

Чаңгет

2042

14

4

Өстүрүү

1935

13

4

Жалпы

14306

100

31