Редакцияот 16.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз III-сессиясы

 

2025-жылдын 16-январы № 11

 

“Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө

 

 

Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз III-сессиясынын күн тартибиндеги “Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат

 

1. “Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата 8- бөлүмдөн түзүлгөн иш планын жактырылсын жана алымча-кошумчасы менен бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

 

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмекке милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

С.Курманбеков

 

 

Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышындагы кезексиз III-сессиясынын 2025-жылдын 16-январындагы №11 токтомуна

тиркеме

 

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн “Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата түзүлгөн иш планы

 

№

Иш пландын аталышы

Аткаруу мөөнөтү

Аткаруучу

Эскертүү

Таза-Суу

1

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы таза-суу пайдалануучуларынын айылдар боюнча кожолук эсебин тактоо

Ар дайым

Муниципалдык ишкананын таза-суу боюнча салымдарды жыйнап көзөмөлдөөчү кызматкерлери

 

2

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы таза-суу пайдалануучуларынын айылдар боюнча жыйналыштарын өткөрүп таза-сууну үнөмдүү пайдаланууга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Ар дайым

Муниципалдык ишкананын таза-суу боюнча жетекчиси, салымдарды жыйнап көзөмөлдөөчү кызматкерлери

 

3

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы таза-суу тартылган айылдардагы суу кампаларын, суу насоторун жана суу түтүкчөлөрүн көзөмөлдөп оңдо түзөп туруу

Ар дайым

Муниципалдык ишкананын таза-суу боюнча жетекчиси, атайын оңдоп түзөө иштерин жүгүзүүчү сантехник мастер кызматкерлери

 

4

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы таза-суу тартылган айылдардагы суунун тазалыгын текшерип керектүү суу тазалоочу заттар менен тазалоо жүргүзүп туруу

Мезгил –мезгили менен

Муниципалдык икананын таза-суу боюнча жетекчиси, суу кампаларга жооптуу кызматкерлер

 

5

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы таза-суу пайдалануучуларынын акысын график менен чогултуп төгүү

Ар дайым

Муниципалдык ишкананын таза-суу боюнча салымдарды жыйнап көзөмөлдөөчү кызматкерлери

 

Жайыттар

1

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт пайдалануучулардын малдарынын эсебин тактоо

Февралдан Майга чейин

Жайыт адиси,мүчөлөрү менен

 

2

Жайыт пайдалануучуларга жайыт билетин берүү, келишим түзүү

Март, апрель, май

Жайыт адиси

 

3

Жайыт пайдалануучуларды сырткы жайытка жайгаштыруу

Апрель, Май

Жайыт адиси, мучолору менен

 

4

Жайыттарга баруучу жолдорду ондоп түзөө

Майдан Августка чейин

Айыл башчы, Жайыт адиси мүчөлөрү менен

демилгелүү топ

 

5

Жакынкы жайыттарга мал жандыктар суу ичүүчү ноо куруу

Майдан,

Сентябрга чейин,

Жайыт адиси, Ж П Б мүчөлөрү, демилгелүү топ

 

6

Жайыт акысын график менен төгүү

Мартдан -Декабрга чейин

Жайыт адистерии

 

7

Бардык жайыттарга мониторинг жүргүзүп туруу

Жыл ичинде

Муниципалдык ишкананын жетнкчиси, жайыт адистери, мүчөлөрү менен

 

8

Ички жайыттарды ирээтке келтирүү жана тосмолоп алган участокторду бошотуу боюнча иш алып баруу

Жыл ичинде

Муниципалдык ишкананын жетнкчиси, жайыт адистери, мүчөлөрү менен