Редакцияот 06.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Төрт-Көл айылдык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын

кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 6-майы № 34

 

Төрт-Көл айыл аймагынын жергиликтүү маанидеги “тийешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” маселесин башкаруу тартибин бекитүү жөнүндө

 

 

Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз сессиясынын күн тартибиндеги дыйкандарга сугат суу менен камсыз кылуу жөнүндөгү маселенин карап Төрт-Көл айылдык кеңеши

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Төрт-Көл айыл аймагынын жергиликтүү маанидеги “тийешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” маселесин башкаруу тартиби (мындан ары-Тартиби) дыйкандарга сугат суу менен камсыз кылуу маселелерин 1-тиркемеге ылайык киргизүү менен бекитилсин.

2. “Дары Суу” жана “Нур-Булак-Башат” суу пайдалануучулар бирикмелери, Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы А. Жолдошов, Тартипте бекитилген фунцияларын аткаруу, кызматтарды уюштуруу жана милдеттемелерди аткаруу бөлүгүнүн ишке ашырууну камсыздашсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Б. Мураталиев

 

 

 

 

 

Төрт-Көл айылдык кеңешинин 2024-жылдын 6-майындагы № 34 токтомуна 1-тиркеме

 

Жергиликтүү маанидеги “Тийешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” маселесин чечүүнүн алкагында дыйкандардын сугат сууга жетишин камсыз кылуу боюнча кызматтардын, функциялардын милдеттемелердин тизмеги

 

№

Кызматтардын, функциялардын милдеттемелердин аталышы

Аткаруу үчүн жооптуу жак

Кызматтар

1.1.

Сугат суусун суу пайдалануучуларга жеткирүү

Муниципалдык ишкана (келишим боюнча)

Функциялар

2.1.

Айыл өкмөтүнүн башчысынын бассейиндик кеңештин ишине катышуусу

Айыл өкмөтүнүн башчысы

2.2.

Муниципалдык менчиктердин реестринде ирригациялык курулмаларды эсепке алууну жүргүзүү

Айыл өкмөтүнүн башчысы

2.3.

Кызмат көрсөтүүчүлөр менен ирригациялык курулмаларды колдонуу боюнча келишим түзүү, кол коюуу жана аткарылышын көзөмөлдөө

Айыл өкмөтүнүн финансалык-экономикалык бөлүмү

2.4.

Суу пайдалануу, эксплуатациялоо жана ирригациялык системаны камсыз кылуу эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү

Айыл өкмөтүнүн башчысы

2.5.

Суу чарбасынын райондук башкармалыгы менен сугат суусун жеткирүү келишимин түзүү жана аткарылышын көзөмөлдөө

Айыл өкмөтүнүн башчысы

2.6.

Суу колдонуу, ирригациялык системаны камсыз кылуу эрежелерин бузганы үчүн суу пайдалануучулардан административдик жоопкерчилик маселелери боюнча административдик комиссиянын ишин уюштуруу

Айыл өкмөтүнүн башчысы.

Жергиликтүү кеңеш

2.7.

Ирригациялык кызматтардын төлөмүнүн (ИКТ) наркын эсептөө жана бекитүү

Айыл өкмөтүнүн башчысы.

Жергиликтүү кеңеш

2.8.

Айылдын аймагында ирригацияны өнүктүрүү боюнча инвестициялык программаны иштеп чыгуу жана бекитүү

Айыл өкмөтүнүн башчысы.

Жергиликтүү кеңеш

Милдеттемелер

3.1.

Ирригациялык курулмаларды кызмат көрсөтүүчүлөргө муниципалдык мүлктүн объетери катары катары колдонууга берүү

Айыл өкмөтүнүн башчысы.

Жергиликтүү кеңеш

3.2.

Ирригациялык курулмаларды камсыз кылууга амортизациялык чегерүүлөрдү толук же жарым жартылай компенсациялоо

Айыл өкмөтүнүн башчысы

 

3.3.

Суу пайдалануучулардын айрым категориясына субсидиядаларды бөлүп берүү

Жергиликтүү кеңеш

3.4.

Субсидия аркылуу кызмат көрсөтүүчүлөрдүн чыгымдарын компенсациялоо

Айыл өкмөтүнүн башчысы