Редакцияот 06.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Төрт-Көл айылдык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын

кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 6-майы № 35

 

Төрт-Көл айыл аймагынын аймагындагы ирригациялык курулуштарды муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө

 

 

“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 2 жана 19-беренелерине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесине ылайык” Төрт-Көл айыл өкмөтү, ирригациялык курулуштарды муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө “Дары Суу” жана “Нур-Булак-Башат” суу пайдалануучулар ассоциацияларынын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечиминин негизинде Төрт-Көл айылдык кеңеши

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. “Дары Суу” жана “Нур-Булак-Башат” суу пайдалануучулар ассоциацияларынын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун ирригациялык объектилерди муниципалдык менчикке өткөрүү өтүнүчтөрү канаттандырылсын.

2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы А. Жолдошовго:

- “Дары Суу” жана “Нур-Булак-Башат” суу пайдалануучулар ассоциациялары менен биргеликте ирригациялык курулуштар түрүндөгү мүлктү муниципалдык менчикке кабыл алуу актысы түзүү;

- “Дары Суу” жана “Нур-Булак-Башат” суу пайдалануучулар ассоциациялары менен ирригациялык курулуштарды өткөрүү келишимин түзүүгө, аны мамлекеттик нотариус тарабынан күбөлөндүрүүгө жана мамлекеттик каттоого кызматына каттоодон өткөрүүнү жүргүзүү;

- ирригациялык курулуштарды муниципалдык менчиктин реестрине киргизүү сунушталсын;

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Б. Мураталиев