Редакцияот 21.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 21-августу № 2024-П-12/37-1-(НПА)

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет):

- 2009-жылдын 27-майындагы № 25/3 "Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жана "Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жоболорду бекитүү тууралуу";

- 2014-жылдын 17-октябрындагы № 45/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жоболорун бекитүү жөнүндө".

2. Токтом 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

3. Юридика башкармалыгы:

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен "Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ААКты, "Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесин, "Кредиттик союздардын жана кооперативдердин улуттук ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесин, микрофинансы уюмдарын, кредиттик союздарды тааныштырсын.

5. "Башкарманын катчылыгы" бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы

 

М.Тургунбаев

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 21-августундагы № 2024-П-12/37-1-(НПА) токтомуна карата тиркеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына ӨЗГӨРТҮҮЛӨР

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/3 "Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жана "Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобонун:

2-тиркемесинин:

"Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет" деп аталган 1-бөлүгүнүн "Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө отчет" бөлүкчөсүнүн:

- 1-пунктунда "Эсептердеги акча каражаттары" деген сөздөр "Депозиттер" дегенге алмаштырылсын;

- 1-пунктунун "в" пунктчасынан "хасан" деген сөз алып салынсын;

- 3, 4-пункттары төмөнкү мазмундагы "в1)" пунктчалары менен толукталсын:

"в1) кемүүчү мушарака келишими боюнча";

- 3 жана 4-пункттары төмөнкү мазмундагы "ж)" пунктчасы менен толукталсын:

"ж) кард келишими боюнча";

- 4-пункту төмөнкү мазмундагы "з)" пунктчасы менен толукталсын:

"з) истиснаа келишими боюнча";

"Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет" деп аталган 2-бөлүгүнүн "Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүргүзүлгөн операциялар боюнча түшкөн пайда жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчет" бөлүкчөсү төмөнкү редакцияда берилсин:

"2-бөлүк. Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет.

 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүргүзүлгөн операциялар боюнча түшкөн пайда жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчет

миң сом

№

Статьянын аталышы

Учурдагы мезгил

Мурунку мезгил

А. Операциялар боюнча алынган кирешелер

1

Коммерциялык банктардагы депозиттерден түшкөн кирешелер

 

 

2

ФКУга берилген каржылоо боюнча кирешелер

 

 

 

а) чектелген мудараба келишими боюнча

 

 

 

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча

 

 

 

в) шарика/мушарака келишими боюнча

 

 

 

в1) кемүүчү мушарака келишими боюнча

 

 

 

г) мурабаха келишими боюнча

 

 

 

д) иджара/иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча

 

 

 

е) салам келишими боюнча

 

 

3

Кардарларга берилген каржылоо боюнча кирешелер

 

 

 

а) чектелген мудараба келишими боюнча

 

 

 

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча

 

 

 

в) шарика/мушарака келишими боюнча

 

 

 

в1) кемүүчү мушарака келишими боюнча

 

 

 

г) мурабаха келишими боюнча

 

 

 

д) иджара/иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча

 

 

 

е) салам келишими боюнча

 

 

 

ж) истиснаа келишими боюнча

 

 

4

Тартылган инвестициялар боюнча кирешелер

 

 

5

Операциялар боюнча башка кирешелер

 

 

6

Бардыгы болуп:

 

 

Б. Операциялар боюнча чыгашалар

7

Алынган каржылоо боюнча чыгашалар

 

 

8

Операциялардан алынган таза киреше

 

 

9

РППУ үчүн чыгашалар

 

 

10

РППУга чегерүүлөрдөн кийин операциялардан алынган таза кирешелер

 

 

В. Башка операциялар боюнча кирешелер

11

Кызмат акылары жана комиссиялык жыйымдар

 

 

12

Курстук айырмадан кирешелер/чыгымдар

 

 

13

Башка кирешелер:

 

 

14

Бардыгы:

 

 

Г. Операциялык чыгашалар жана кайрымдуулук чыгашалары

15

Курстук айырмадан чыгымдар

 

 

16

Операциялык чыгашалар

 

 

17

Такафул

 

 

18

Салыктар

 

 

19

Бардыгы болуп:

 

 

20

РППУ боюнча чыгашалар (каржылоо операцияларынан эмес)

 

 

21

Салыктарды төлөөгө чейинки пайда (чыгым)

 

 

22

Киреше салыгы

 

 

23

Зекет жана кайрымдуулук чыгашалары

 

 

24

Таза пайда (чыгым)