Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги VIII- сессиясы
2025-жылдын 12-майы №1
Чаек айыл аймагындагы ички көчөлөрдөгү жолдордун
уурасын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жана 27-беренесин жетекчиликке алып Чаек айыл аймагындагы ички көчөлөрдөгү жолдордун туурасын бекитип берүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Чаек айыл аймагынын Рыскулов жана К.Акыев көчөсүнүн туурасы генпландагыдай 15 метр боюнча калтырылып, калган ички көчөлөрдөгү жолдордун туурасы бардыгы бирдей болуп 12 метр деп бекитилсин.
2. Чаек айыл аймагындагы Көк-Ой айылынын ички көчөлөрүнүн туурасы 14 метр жана айланма жолу 16 метр деп бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары | Б. Абаев |