Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги VIII- сессиясы
2025-жылдын 12-майы №3
“Чаек” муниципалдык ишканасынын XCMG GR – маркасындагы автогрейдеринин тарифтерин бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып “Чаек” муниципалдык ишканасынын XCMG GR – маркасындагы автогрейдеринин тарифтерин бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
1. “Чаек” муниципалдык ишканасынын башчысы З.Моношовдун кайрылуусунда көрсөтүлгөн калькуляция боюнча Чаек” муниципалдык ишканасынын XCMG GR -180 маркасындагы 2024-жылы Кытай өндүрүшүнөн чыгарылган автогрейдеринин Чаек айыл аймагынын жарандарына кызмат көрсөтүүсү саатына 1625 сомдон деп, ал эми Жумгал райондук мекеме-ишканаларга, башка айыл өкмөттөргө кызмат көрсөтүүсү жана ар кандай жумуштарын аткаруусу саатына 4 миң сомдон деп бекитилсин.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн автогрейдердин Чаек айыл аймагынын жарандарына жана Жумгал райондук мекеме-ишканаларга, башка айыл өкмөттөргө кызмат көрсөтүүсү күйүүчү майдын баасынын өзгөрүлгөнүнө жараша өзгөрөт, бирок литри өзгөрүлбөйт деп бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Б. Абаев |
|
|
|