Редакцияот 11.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Төрт-Көл айылдык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын

кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 11-июну № 69

 

Төрт-Көл айыл аймагынын Ак-коо учаскасындагы кооптуу аймактардан көчүп келген жарандардга үй куруу үчүн жасалган башкы планга киргизилген өзөртүүнү жөнүндө

 

 

Төрт-Көл айыл аймагынын Ак-коо учаскасындагы кооптуу аймактардан көчүп келген жарандардга үй куруу үчүн жасалган башкы пландын № 1 кварталынын учаскалардын бир канчасы сугат суу үчүн курулган темир бетон лотоктордун үстүнө дал келип калгандыктан өзгөртүлгөн башкы планды бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Төрт-Көл айыл аймагынын Ак-коо учаскасындагы кооптуу аймактардан көчүп келген жарандардга үй куруу үчүн жасалган башкы пландын № 1 кварталына 2022-жылдын 12-декабрындагы киргизилген өзгөртүүлөр бекитилсин.

2. Суралсын Өзгөн районун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кенешинин айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Б. Мураталиев