Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 28-апрели № 1.
Нарын шаардык Кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин 27-январь 2022-жылдагы V чакырылыштагы кезектеги IХ сессиясынын №1 токтому менен кабыл алынган Нарын шаардык Кеңешинин Регламенти күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Нарын шаардык Кеңешинин Регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Жапаралиевага тапшырылсын.
Төрага | Ж. Эсеналиев |
Нарын шаарынын аймагында көрктөндүрүү эрежелеринин, калктуу конуштардын аймагында белгиленбеген жерлерге жүк ташуучу унаалардын токтошуна, санитардык жана экологиялык ченемдердин сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруу жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Нарын шаарынын мэриясы тарабынан иш-аракеттеринин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Нарын шаарынын мэриясынын, менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан Нарын шаарынын аймагында көрктөндүрүү эрежелеринин, калктуу конуштардын аймагында белгиленбеген жерлерге жүк ташуучу унаалардын токтошуна, санитардык жана экологиялык ченемдердин сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруучу жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу жобосу болуп саналат.
3. Нарын шаардык мэриясынын жооптуу кызматкери аркылуу тиешелүү мекемелер менен биргеликте иш жүргүзөт.
4. Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, Нарын шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актыларына, Нарын шаардык мэриясы ушул Жобого ылайык өз иш-аракеттерин жүзөгө ашырат.
5. Жоопту кызматкер өз иш-аракеттерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле башка юридикалык жана жеке жактар менен Нарын шаардык мэриясынын атынан жүзөгө ашырат.
6. Жооптуу кызматкер мамлекеттик жана башка органдар, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар менен өз ара мамилеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
7. Жобонун негизинде жооптуу кызматкер тарабынан анын компетенциясынын чегинде кабыл алынган актылары бардык мамлекеттик жана башка органдар, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү.
2. Максаты жана милдеттери
8. Жооптуу кызматкер иш-аракеттеринин максаты болуп менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан Нарын шаарынын аймагында көрктөндүрүү эрежелеринин, калктуу конуштардын аймагында белгиленбеген жерлерге жүк ташуучу унаалардын токтошуна, санитардык жана экологиялык ченемдердин сакталышын контролдоо, Нарын шаарынын аймагында айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Нарын шаардык мэриясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу болуп саналат.
9. Негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Нарын шаарынын аймагында бөлүп берилген жана бекитилген аймактарды, анын ичинде муниципалдык тапшырык боюнча көрктөндүрүү, санитардык нормаларды күтүү жана тазалоо, калктуу конуштардын аймагында белгиленбеген жерлерге жүк ташуучу унаалардын токтошуна, Нарын шаарынын аймагында өндүрүштүк жана керектөө калдыктарын иштетүү боюнча эрежелердин сакталышын контролдоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Жобо менен аныкталган ыйгарым укуктардын чегинде камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрктөндүрүү, өндүрүштүк жана керектөө калдыктарын иштетүү чөйрөсүндө программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
- Нарын шаарынын аймагында атмосфералык абаны коргоо регламенттеринин, ченемдеринин, эрежелеринин жана башка талаптарынын сакталышын, анын ичинде транспорттук жана башка көчмө каражаттарды эксплуатациялоодо жана эксплуатацияга чыгарууда контролдоо;
- менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан Нарын шаарынын аймагында көрктөндүрүү эрежелерин, калктуу конуштардын аймагында белгиленбеген жерлерге жүк ташуучу унаалардын токтошуна, санитардык жана экологиялык ченемдерди бузуу фактылар белгиленген учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Жобо тарабынан аныкталган ыйгарым укуктардын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу.