ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19-январы №126/XXXI-28
"Бактылуу Баластан" мектепке чейинки билим берүү мекемесинин балдардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 28- беренесинин 6-пунктун жетекчиликке алып, ошондой эле “Бактылуу Баластан” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору М.К.Джаманкулованын жазуу жүзүндөгү кайрылуусун, 2024- жылдын 15-январындагы ата-энелер чогулушунун протоколун эске алып, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Бактылуу Баластан” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде тамак-ашына ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен бир балага бир күн үчүн 100(жүз)сом өлчөмүндө төлөм бекитилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Люксембург айыл өкмөтүнүн имаратындагы стендге жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Бактылуу Баластан” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору М.К.Джаманкуловагажүктөлсүн.
Люксембург айылдык кенешинин төрагасы |
К.Шайлдабеков |