Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-майындагы №3/1
Казыбек айыл аймагынын 2025-2030-жылдарга социалдык
экономикалык өнүгүү программасы жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен, Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Казыбек айыл аймагынын 2025-2030-жылдарга социалдык экономикалык өнүгүү программасын өзгөртүү ,толуктоолору менен бекитилсин.
Добуштардын саны: Жалпы 15, Макул 15
2.Ушул токтомду каттоодон өткөрүп, www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын Казыбек айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Т.Исаковго, көзөмөлдөө жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго тапшырылсын.
Төрага | Э.Султаналиев |