Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-майындагы №3/2
Казыбек айыл аймагында “Жергиликтүү Демилгелерди тандоо
жана каржылоо тартиби жөнүндө Жобо” жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен, Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1Казыбек айыл аймагында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан “Жергиликтүү Демилгелерди тандоо жана каржылоо тартиби жөнүндө Типтүү Жобо” толуктоолору менен бекитилсин.
Добуштардын саны: Жалпы 15, Макул 14,Калыс 1
2.Бул токтомдун аткарылышын Казыбек айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Т.Исаковго, көзөмөлдөө жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн орун басары Б.Мамытовго тапшырылсын.
3.Ушул токтомду каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.
Төрага | Э.Султаналиев |