Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-майындагы №3/3
Казыбек Кара-Коюн муниципалдык ишканасы жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен, Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Казыбек Кара-Коюн муниципалдык ишканасынын 2024-жылда аткарылган иши боюнча Т.Стамакуновдун жыйынтык маалыматы канааттандырарлык эмес деп табылсын.
Добуштардын саны: Жалпы 15, Макул 14 Калыс 1
2.Муниципалдык ишкананын жетекчисине “сөгүш” чарасын берүүсү Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомду каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.
4.Бул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам
Төрага | Э.Султаналиев |