Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Учкун айыл аймагынын айылдык кеңешинин 6-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 16-майы №1
Жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана 2025-жылга карата жергиликтүү демилгелерди каржылоо үчүн каражат бөлүү жөнүндө
Жергиликтүү демилгелерди каржылоо жолу менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн, алардын бирикмелерин, башка жеке жана юридикалык жактарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышууга шыктандыруу максатында жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесинин, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын 17-беренесинин негизинде Учкун айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Учкун айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2025-жылга карата жергиликтүү демилгелерди колдоого 100 миң сом каражат бөлүү жагы жактырылсын.
3. Айыл өкмөтүнүн башчысына бул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү иш аракеттерди алып баруу жагы милдеттендирилсин,
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтом ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык жарыялансын жана Мамлекеттик реестрге киргизилсин.
6. Токтом айыл аймагынын сайтына расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Э.И. Ыбышова |