Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-майындагы №3/5
Казыбек айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер жайлоосундагы көпүрө жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен, Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жаңы- Жер жайлоосундагы “Көк жайык”, “Дүңгүрөмө”, “Эки-Бала” жайлоосуна бара жаткан жолдо, Ат Башы суусунун башына авто унаа жана мал өтө турган жаңы салынган көпүрөөгө айылдын ардактуу аксакалы (маркум) Жусупов Өмөр атанын ысмы ыйгарылсын.
Добуштардын саны: Жалпы 15, Макул 14 Калыс 1.
2.Ушул токтомду каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго тапшырылсын.
Төрага | Э.Султаналиев |