Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-майындагы №3/6
Казыбек айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин депутаттары жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен, Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.23-июнь мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Грамотасына, Ардак Грамотасына төмөндөгү кызматкерлер сунушталсын:
1.Токтор Дүйшөналиев
2.Фарида Токушева
3. Сабийра Жапарова
4.Зиядат Мамбетмусаева
5.Эламан Султаналиев
6.Жолболду Мундушев
Добуштардын саны: Жалпы 15, Макул 15
2.Ушул токтомду каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Э.Султаналиев |