Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-майындагы №3/7
Казыбек айыл аймагында убактылуу комиссия түзүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен, Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Казыбек -Кара-Коюн муниципалдык ишканасындагы техникаларды жеринде барып көрүү жана бухгалтери алмашкандыктан өткөрүү кабыл алуу иштери боюнча катышууга убактылуу комиссия курамына төмөндөгү депутаттар жана айыл өкмөтүнүн кыматкерлери сунушталсын:
1.Б.Мамытов
2.Ф.Токушева
3.А.Айыпов
4.З.Мамбетмусаева
5.Ж.Мундушев
6.Т.Исаков
7.Н.Үсөналиева
Добуштардын саны: Жалпы 15, Макул 15.
2.Ушул токтомду каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Э.Султаналиев |