Загрузка документа…
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
I-чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын 20 май № 48
Алтын-Арашан айыл аймагында “Алтын-Жылдыз
айыл чарба тазалык ” муниципалдык ишканасына техника
алууга макулдук берүү жөнүндө
Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрь ПЖ №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Алтын-Жылдыз айыл чарба тазалык” муниципалдык ишканага лизинге атайын техникаларды алууга макулдук берүү боюнча айыл өкмөтүнүн сунуштамасын карап, таанышып чыгып Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш токтом кылат:
1.Алтын-Арашан айыл аймагына караштуу “Алтын-Жылдыз айыл чарба тазалык” муниципалдык ишканасына 1(бир) даана таштанды ташуучу унаа жана 2 (эки) даана автосамосвал алууга макулдук берет.
2.“Алтын-Жылдыз айыл чарба тазалык” мунципалдык ишканасына алынган техникаларды муниципалдык менчикке алуу боюнча, айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам
Тѳрага А.Токомбаев