Редакцияот 02.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 2-сентябры № 115

 

Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын IV кварталындагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

 

Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 102-беренесине ылайык Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын IVкварталындагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын IV кварталындагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

Аппарат бөлүмүнүн 2111 беренесинен -1000,0 миң сом;

Аппарат бөлүмүнүн 2221 беренесинен -300,0 миң сом;

ЖКХ бөлүмүнүн 2221 беренесинен -363,5 мин сом;

СДК бөлүмүнүн 2215 беренесинен -200,0 миң сом;

ЖКХ бөлүмүнүн 3111 беренесине +800,0 мин сом;

Соц коргоо бөлүмүнүн 2224 беренесине +551,7 мин сом;

ЖКХ бөлүмүнүн 2215 беренесине +448,3 мин сом;

Соц коргоо бөлүмүнүн 2721 беренесине +63,5 мин сом;

 

2. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы ФЭБнүн башчысы У.Бакировго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Төраганын орун басары

 

М. Акназаров