Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 4-июну № 318
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Сары-Өзөн айыл аймагында жайгашкан жер участогун “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Сары-Өзөн айыл аймагында көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясынын 1-бөлүгүнүн 12-пунктуна, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 121-пунктуна, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 11-апрелиндеги № 01-12/771 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 19 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Сары-Өзөн айыл аймагындагы № 1195 контурда жайгашкан, Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусунун жалпы аянты 28,78 га сугат айдоо жерлери “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн, белгиленген тартипте мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүнү;
2) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
3) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
4) курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоону эске алуу менен Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдарына ылайык жогоруда көрсөтүлгөн жер участогунун шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
5) жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системасынын иштөөсүн, башкы пландагы жер титирөөгө каршы иш-чараларды жана тиешелүү аймакта кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо боюнча колдонмону сактоону;
6) жеке каражаттардын эсебинен аймактын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштөөсүн жана өнүгүүсүн, социалдык-экономикалык өнүгүүнү уюштурууну;
7) Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык тарыхый-маданий мурас объекттерин күтүүнү жана коргоону, көрсөтүлгөн жерлерде казуу жана курулуш иштерин жүргүзүүдө археологиялык көзөмөл үчүн адис-археологду тартууну;
8) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аларды алып коюуну жана баштапкы абалга келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
9) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
10) “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автомобиль жолунун жол тилкесин сактоону.