Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-июну № 303
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 353 "2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин андан ары практикалык ишке киргизүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 353 "2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасынын иш-чаралар планы ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү индикаторлорунун матрицасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
"2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасынын ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлгөн натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар |
1 | 2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында МЖӨнү өнүктүрүү программасынын күтүлгөн натыйжаларына жетүүнү камсыз кылуу үчүн МЖӨ жөнүндө мыйзамдарды жакшыртуу | 1) "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун даярдоо жана кабыл алуу | 2025-жылдын декабры | Кыргыз Республикасынын Мыйзам белгиленген тартипте кабыл алынды | ИУА, ФМ, МЖӨБ |
2) МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу боюнча методикалык колдонмону даярдоо жана бекитүү | 2026-жылдын декабры | МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу боюнча колдонмо бекитилди | МЖӨБ | ||
3) 2027-2030-жылдары Кыргыз Республикасында МЖӨнү өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу | 2026-жылдын декабры | 2027-2030-жылдары Кыргыз Республикасында МЖӨнү өнүктүрүү программасы бекитилди | ИУА, ЭКМ, МЖӨБ | ||
2 | Фискалдык башкарууну жакшыртуу | МЖӨ долбоорлору боюнча жыйынды милдеттенмелер боюнча мониторинг жүргүзүүнү жана отчеттуулукту камсыз кылуу үчүн мыйзам алдындагы жана/же ведомстволук актыларды кабыл алуу | 2026-жылдын декабры | Зарыл болгон мыйзам алдындагы жана/же ведомстволук актылар кабыл алынды | ФМ, ИУА, МЖӨБ |
3 | МЖӨ системасын өнүктүрүү үчүн финансылык инструменттерди түзүү | 1) кредиттик уюмдардын тобокелдиктерин азайтууга багытталган Инфраструктуралык долбоорлорду жана кепилдик механизмдерин каржылоо фондун түзүү | 2026-жылдын декабры | Зарыл болгон мыйзам алдындагы жана ведомстволук актылар кабыл алынды, фонддор түзүлдү | ФМ, ИУА, МЖӨБ |
2) уюмдарды координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери үчүн Дем берүү фондун түзүү | 2025-жылдын декабры | ||||
4 | МЖӨнүн институттук түзүмүн чыңдоо | 1) мамлекеттик кызматчылар, жеке сектордун өкүлдөрү жана жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн окутуунун улуттук системасын түзүү | 2026-жылдын декабры | 200 угуучуну камтыган план менен окутуу программасы ишке киргизилди | МЖӨБ, ИЖИМ, КРСУ, ЕӨБ (макулдашуу боюнча) |
|
| 2) Кыргыз Республикасында МЖӨ долбоорлорун даярдоо боюнча долбоорлоо институтун ачуу | 2025-жылдын декабры | Кыргыз Республикасында МЖӨ долбоорлорун даярдоо боюнча долбоорлоо институту ачылды | МЖӨБ, ИУА |
Кыскартуулардын тизмеси:
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ИУА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик |
ИЖБИМ | - | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги |
КРСУ | - | Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети |
ЕӨБ | - | Евразия өнүктүрүү банкы |
МЖӨБ | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору |
МЖӨ | - | мамлекеттик-жеке өнөктөштүк". |
|
| 2-тиркеме |
"2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү индикаторлорунун МАТРИЦАСЫ