Загрузка документа…
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши
VIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
2025-жылдын 2-майы №69
Ак-Терек айыл аймагына караштуу Комсомол айылынын аталышын
Калкагар айылына ѳзгѳртүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик маанидеги объектерге ат берүү жана атын ѳзгѳртүү тартиби тууралуу” Жобонун негизинде, “Кыргыз Республикасындагы географиялык объектерди атоо, алардын аталышын ѳзгѳртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон ѳткѳрүү тартиби жѳнүндѳ” Жобосунун 2-пунктуна ылайык жана Комсомол айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколу, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининдепутаттык этика, регламент жана мандат, социалдык маселелер, жаштар, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча комиссиянынжана жалпы депутаттардын сунушу угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Ж. Зарнаевдин Комсомол айылынын аталышын Калкагар айылы деп ѳзгѳртүү боюнча кайрылуусундагы сунуштамасы жана Комосол айылынын жергиликтүү тургундарынын (жашоочуларынын) айылдын атын ѳзгѳртүү жѳнүндѳгү макулдугу эске алынсын.
2. “Кыргыз Республикасындагы географиялык объектерди атоо, алардын аталышын ѳзгѳртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон ѳткѳрүү тартиби жѳнүндѳ” Жобосунун 2-пунктуна ылайык, Комсомол айылынын аталышы Калкагар айылы деп ѳзгѳртүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининдепутаттык этика, регламент жана мандат, социалдык маселелер, жаштар, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча комиссиянын төрайымы А.Кендирбаевага тапшырылсын.
Төраганы орун басары А.А. Мамбетов