Загрузка документа…
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши
VIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
2025-жылдын 21-майы №71
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар” жөнүндө №54 Жарлыгын аткарууда Ак-Терек айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды, той-аш, маркумду узатуу иш-чараларын жѳнгѳ салуу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар” жөнүндө №54 Жарлыгын аткарууда Ак-Терек айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды, той-аш, маркумду узатуу иш-чараларын жѳнгѳ салуу максатында жана жалпы депутаттардын сунушу угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Маркумду акыркы сапарга узатууда мүмкүнчүлүгүнѳ жараша эки (бодо) баштан ашпоого макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининдепутаттык этика, регламент жана мандат, социалдык маселелер, жаштар, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча комиссиянын төрайымы А.Кендирбаевага тапшырылсын.
Төраганын орун басары А.А. Мамбетов